• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тогуз-Тородо баңгизат менен алектенген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Тогуз-Торо милициясы көп жылдан бери баңгизаты менен алектенип жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Тогуз-Торо РИИБдин кызматкерлери Б. аттуу район тургуну баңгизатын колдонуп жүрөт деген ыкчам маалымат алышкан. Алынган маалыматтын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүп, Тогуз-Торо райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан анын үйүн тинтүү тууралуу токтом кабыл алынган.

2020-жылдын 1-декабрь күнү саат 19:30 чамасында 44 жаштагы Ш.Б. аттуу Тогуз-Торо районунун тургунунун жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда 2 (эки) даана тегерек формадагы кара-күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар, салмагы болжол менен 20 грамм болгон заттар далил буюм катары алынган.

Бул факты боюнча 2020-жылдын 2-декабрь күнү Тогуз-Торо РИИБинин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 268-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ш.Б. 25 жылдан ашуун убакыттан бери ар түрдүү баңгизаттарын чегип жүргөндүгү такталган. Анын үйүн тинтүү учурунда баңгизатын жасоочу курал-жарактар да табылган. Ал көп жылдан ашуун убакыт Казарман айылынын алыскы тоолорунда өскөн баңгизаттык жана мыйзамга каршы келген чөптөрдү алып келип, андан баңгизаттарынын түрлөрүн жасап, өзү колдонуп, коомго жат келген кылмыш ишин жасап жүргөн.

Алынган баңгизаттары боюнча дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат каннабистин смоласы (гашиш) экендиги аныкталган.

Азыркы учурда Ш.Б. Тогуз-Торо райондук сотунун тергөө судьясынын токтомунун негизинде 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармалуучу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий