• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тогуз-Тородо баңгизатын даярдоого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишке, 29.06.21. /Кабар/. Тогуз-Тородо баңгизатын даярдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-июнь күнү Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун аймагында “ГАЗ 3110” үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз жарандар барып, баңгизатын даярдап жаткандыгы боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Бул факты боюнча маалымат ошол эле күнү Тогуз-Торо РИИБнин КЖБРне КР Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тогуз-Торо РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө Нарын шаарынын тургундары 1986-жылы туулган Э.Р., 1990-жылы туулган О.Р., 1991-жылы туулган А.Б., жана 1992-жылы туулган А.Д. кармалып, алардын жанынан 5 даана ооздору байланган каптын ичинде өзгөчө кескин жыты бар жашыл-күрөң түстөгү заттар алынган.

Алынган баңгизаттары боюнча дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жалпысынан 33 кг 369 грамм салмактагы марихуана баңгизаты экендиги аныкталган.

Жогорудагы төрт жаран КР ЖПКнин 98-99-беренелеринин негизинде 48 саатка Тогуз-Торо РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тогуз-Торо райондук сотунун 25-июндагы токтомунун негизинде Э.Р. жана А.Б. 2 айлык мөөнөткө үй камагына бошотулуп, О.Р. жана А.Д. 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайда калтырылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий