• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тогуз-Тородо бир нече имаратты өрттөө фактысы боюнча 15 адам кармалды

Коом 0

Бишкек, 17.04.18 /Кабар/. Тогуз-Торо районунда бир нече имараттарды жана атайын техникаларды өрттөө фактысы боюнча 15 адам кармалды. Алар «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасынын аймагына кирип барышып, тосмолорун бузушкан, андан сырткары, салынып жаткан чарба курулуштарын, курулуп жаткан үйлөрдү техникалары менен өрттөп жиберишкен.

КР ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, 2018-жылдын 11-апрель күнү түзүмдөр аралык комиссиянын курамына кирген 30 адам «Макмалалтынкен» комбинатынын эски фабрикасынын жанында жергиликтүү тургундарга «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Жолугушууга 1000 жакын адам чогулуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында аягына чейин угушпай, комиссия тарапка жана коомдук коопсуздукту камсыздап турган милиция кызматкерлерине дагы таш ыргытышкан. Ошол учурда милиция кызматкерлери комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоого туура келген. Азыркы учурда, комиссиянын мүчөлөрү коопсуз жайга жайгаштырылган.

Чогулгандардын көбү жаш адамдар болгондуктан, «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасынын аймагына кирип барышып, тосмолорун бузушкан, андан сырткары, салынып жаткан чарба курулуштарын, курулуп жаткан үйлөрдү техникалары менен өрттөп жиберген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык), 174-беренеси (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу, өрттөө) жана 233-беренелерге (массалык тартипсиздик) ылайык кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан коомдук коопсуздук камсыздалып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234 жана 174-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш ишинин курамы боюнча шектелген Тогуз-Торо районунун 15 жашоочусу Кыргыз Республикасынын кылмыш-процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга камалышты.

Аталган факты боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий