• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тогуз-Тородо коомдук угуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-чейрегинин жыйынтыгы менен Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында коомдук угуу болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Тогуз-Торо районунун акиминин милдетин аткаруучу У.Иманбердиев, Сары-Булуң айыл аймагынын башчысы Т.Токтоналиев, райондун прокурору А.Аракеев, РИИБдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө милициянын жыл башынан тартып аткарган жумуштары эл алдында айтылып, алардын суроолоруна жооптор берилди. Участкалык инспекторлор тургундарды кылмыштуулуктан алыс болууга, коомдук тартипти бузбоого жана милиция менен тыгыз кызматташууга чакырышты. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоого, алардын терс көрүнүштөргө дуушар болуусунун алдын алууга үндөштү.

Пикир

Оставить комментарий