• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тогуз-Тородо өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Тогуз-Торо районунун Додомол жана Кош-Булак айылдарынын тургундарына милициянын 2021-жылдын 1-кварталында аткарылган жумуштары талкууга коюлду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Отчеттук жыйынга Тогуз-Торо РИИБдин начальниги Т.Сабырканов, прокуратура жана жергиликтүү бийлик башчылары, айыл тургундары катышты. Бул аймакты тейлеген милициянын участкалык инспекторлору, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери 3 ай аралыгында аткарган жумуштары тууралуу баяндамаларды жасашып, суроолорго жооптор берилди.

Мындан сырткары райондун Атай жана Көк-Ирим айыл аймактарында милициянын көчмө кабылдама унаасы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Тартип сакчылары тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, өрт коопсуздугунун алдын алуу багытында профилактикалык жумуштарды алып барышууда.

Пикир

Оставить комментарий