• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тогуз-Тородо жарандардан акча алып, жашырынып жүргөн адам изделүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда жарандардын 70 миң сом акчасын алып, жашырынып жүргөн адам изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-августта Тогуз-Торо райондук милициясына 53 жаштагы тургун арыз менен кайрылып, Самат Шааболотов аттуу адам уулун жумушка орноштурамын деп 30 миң сом каражатын февраль айында алгандыгын билдирген. Бирок ушул убакытка чейин айткан жумушуна киргизбей же берген акчаны кайтарып бербей жүргөндүгүн айтып, келтирилген материалдык чыгымын төлөтүп берүүнү жана бул иш боюнча мыйзамдуу чечим чыгарууну суранган.

Мындан тышкары, дагы бир 37 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылып, өзүнө тааныш болгон Самат Шааболотов аттуу адам 40 миң сом акчасын февраль айында карызга алып, ушул күнгө чейин алдап бербей жүргөндүгүн билдирген.

Аталган фактылар боюнча топтолгон материалдар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал Тогуз-Торо районунун 35 жаштагы Калманбетов Самат Шааболотович экендиги такталган.

“Азыркы учурда ал тергөөдөн качып жүргөндүктөн, аны көргөн же кайда экендигин билгендер болсо милицияга кабарлап койсоңуздар. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет. Ошондой эле жогоруда аты аталган жарандан жабыркагандар болсо Тогуз-Торо райондук милициясына кайрылыңыздар. Байланыш телефондору: (03738) 5-02-02, 102, (0508) 66-66-15”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий