• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Тогуз-Тородогу алтын кен комбинатынын аймагына фабрика курууга мыйзамсыз уруксаат берген факты боюнча кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. КР МУКК ККК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Тогуз-Торо районундагы «Макмалалтын» алтын кен комбинатынын аймагына «Джи эл Макмалдеволопинг» ЖЧК алтын чыгаруу фабрикасын курууга уруксаат берүүдө КР мыйзам ченемдерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу МУКК басма сөз кызматы билдирди.

Такталган боюнча, КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик экспертиза Департаменти экологиялык экспертизанын корутундусу жок берген макулдуктун негизинде 2017-жылы Тогуз-Торо райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жогоруда аталган фабриканы курууга уруксаат кагазын берген.

2018-жылдын 19-апрелинде бул факты боюнча КР МУКК тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) негизинде кылмыш иши козголду.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий