• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тогуз-Тородогу чуулгандуу окуядан улам Кыргызстандын эл аралык аброюна доо кетти - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.04.18 /Кабар/. Кечээ Тогуз-Торо аймагында нааразылык көрсөткөн адамдар кытайлык «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясына тиешелүү алтын-ылгоо заводунун курулуштары менен техникаларын өртөп салышты. Чуулгандуу окуядан улам Кыргызстандын эл аралык аброюна доо кетти, экономикалык жактан чоӊ зыянга учурадык. Бул маселе райондун акимин кызматтан алып коюу менен чечилип калбайт, ага катышы бар кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карап, тийиштүү чараларды көрүшүбүз керек. Бул тууралуу депутат Айтмамат Назаров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Бул маселе кечээ эле чыгып калган жок, көптөн бери көтөрүлүп келет, бирок ага жакшылып көӊүл бурулган эмес. Кечээ «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын-ылгоо заводу мыйзамсыз курулуп жаткан жатат деген маалымат таркатышты. Анда эмне үчүн «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчилери өздөрүнө тиешелүү «Макмал» комбинатынын аймагында курулуп жаткан мыйзамсыз курулушту токтото алышкан эмес. Бул маселени тармактык комитетте карап, бир чечимге келишибиз керек», - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий