• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тогуз-Тородон мал уурдап, этин Бишкекте сатууга шектелип эки жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Тогуз-Тородон мал уурдап, этин Бишкекте сатууга шектелип эки жаран кармалды . Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 17-январда Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө Атай айыл аймагынын 48 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 15-январь түнү мал сарайынан бир баш кара малын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 17-январда Бишкек шаарынын Ош базарында уурдалган малдын этин сатып жүргөн жеринен Тогуз-Торо районунун 27 жаштагы М.Б. аттуу тургуну кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө М.Б. 16-январь күнү дагы бир Тогуз-Торо районунун 27 жаштагы Ж.М. аттуу шериги менен биргеликте бир баш уйду уурдап келишип, союп, эттерин мүшөктөргө салып, Бишкек шаарына алып келгени боюнча тиешелүү далил буюмдар табылган.

Тогуз-Торо районунда адвокат жоктугуна байланыштуу кармалган жарандар үй камагына алынган. Учурда алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун тактоо менен бирге тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий