• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Той-аштагы ысырапкорчулук. Муфтият президенттин жарлыгынын алкагында түшүндүрүү иштерин баштады

Коом 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында президент Садыр Жапаров «Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Аталган жарлыктын алкагында эл арасында түшүндүрүү иштери башталды, - деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы.

Жарлыкка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиевдин буйругу чыгып, анда КМДБнын түзүмүндө турган бардык дин кызматкерлери жума мечиттерде жана той-аштарда, маркумду акыркы сапарга узатууларда түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү чечими кабыл алынган.

Муну менен катар дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу максатында атайын окуу курстарын, семинарларды уюштуруу тапшырмасы берилген.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-февралда, жалпы мечит имамдарынын билим деңгээлин жогорулатуу максатында Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасы боюнча “Билимдүү имам” аттуу эки күндүк окуу семинары Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында башталды.

Учурда Тоң, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарындагы дин кызматкерлери мазхаб, Матуридий акыйдасы, Ханафий мазхабы, соода-сатык эрежелери, адал сертификат, нике, талак маселеси, зекеттин өлчөмү, шарияттагы маркумду жерге берүү эрежеси, ысырапкерчилик темалары билим алышууда.

Пикир

Оставить комментарий