• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен: Той-аштарга болгон чектөөлөр күчүндө, баш ийбегендер мыйзам чегинде жооп берет

Аймак 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда той-аштарга болгон чектөөлөр күчүндө, баш ийбегендер мыйзам чегинде жооп берет. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкүл Алишер Абдрахмановдун тапшырмасына ылайык, район, шаарларда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан коронавирус илдетин жайылтпоо максатында той-аштарга болгон чектөөлөр боюнча, кафе, ресторандардын ээлери чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда Баткен облусунда коронавирус илдетин жуктурган жарандар дагы эле катталып жаткандыктан, облустук штаб тарабынан көп сандаган адамдардын катышуусундагы ар кандай маарекелерди өткөрүүгө тыюу салынган чечимдер күчүндө экендиги эскертилди. Ага карабай тойканаларда, эс алуучу жайларда үйлөнүү той, кыз узатуу, куран окутуулар болуп жаткандыгы айтылып, кафе, ресторан жана башка эс алуучу жайлардын ээлерине чектөөлөр боюнча маалыматтар берилип, чектөөлөргө баш ийбеген ишкерлерге мыйзам чегинде чара көрүүлөрү айтылды.

Ошондой эле ушул тапта күн сайын үйлөрүндө маараке өткөрүп жаткан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий