• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Той өткөрүү үчүн насыя алган кыргызстандыктардын саны азайды – РСК Банктын башчысы

Экономика 0

Бишкек, 04.02.20./Кабар/. Кыргызстандыктардын каржылык сабаттуулугу жогорулады. Бул тууралуу «РСК Банк» башкармалыгынын башчысы Азизбек Оморкулов билдирди.

Анын айтымында, азыр майрамдык иш-чараларды өткөрүү тууралуу кайрылуулар менен келген адамдар азайды.

“Мурдараак той өткөрүүгө насыя алууга келгендер көп болчу. Азыркы убакта андай учурлар жокко эсе. Адамдар бизнеске, аны өнүктүрүүгө насыя алышат. Кээ бир жарандар унаа алуу үчүн насыя алып, бирок аны талкалап алган учурлар болгон. Мындай учурлар да азайып калды”, - деп кошумчалады ал.

Банк башчысы азыр калк каражаттарды коркунучтарын алдын алып сабаттуу колдонуп калгандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий