• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тойчубек Жусупов: Азыркы өкмөт ишкерлерге өзгөчө көңүл буруп жатат

Коом 0

“Ак-Ниет” ЖЧК төрагасы Тойчубек Жусупов пахта заводунун ишмердиги тууралуу айтып берип, өкмөттөн кандай колдоо күтөөрүн билдирди.

- Сиз жетектеген пахта заводуңузда канча киши эмгектенүүдө? Өндүрүлгөн продукцияны сатуу кандай деңгээлде жолго коюлган?

- Бүгүнкү күндѳ мен жетектеген пахта заводунда 42 адам иштейт. Завод Ош облусунун Араван районунда жайгашкан. Бизден иштетилип, өндүрүлгөн продукциябызды негизинен Россия, Түркияга чейин экспорттойбуз. Өлкөбүз бажы биримдигине киргени бизге айрыкча, бажы жагынан жардам болуп, мындагы чыккан товарларыбызды чек арадан өткөрүүдө абдан эле жакшы болуп жатат десек болот. Өзүбүздүн мээнет, пешене терибиз менен бутубузга туруп, адал эмгек кылып келүүдөбүз.

- Өкмөт тараптан мындан ары да кандай жардам, колдоо болсо деп ойлойсуз?

- Кыргыз өкмөтү мындан ары да биздей ишкерлерге колдоосун көрсөткөнүн уланта берсе, үстөк пайызы азыраак насыяларды беришсе абдан жакшы болот эле. Колго тийген насыяны эффективдүү пайдаланып, керектүү техникаларды алат элек. Биз негизинен дыйканчылык менен да алектенгенибизге жараша жаз мезгилинде өкмөт жер семирткичтерди күзгө чейин насыя түрүндө берсе да жаман болмок эмес. Ошентсе да азыркы өкмөт ишкерлерге өзгөчө көңүл буруп жатат.

Пикир

Оставить комментарий