• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тойго атасы менен келген 5 жаштагы кыз каналга түшүп кетти, издөө уланууда – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында 5 жаштагы кыз сууга түшүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя кечээ, 27-июнда болжол менен саат 15:35тер чамасында болгон.

“Кызыл-Туу айылынын Орозбеков көчөсүнүн №34 үйгө тойго атасы менен кошо келген 2013-жылы туулган А. Н., аттуу кыз Достук каналынын жээгинде ойноп жатып, сууга түшүп чөгүп кеткен. ӨКМдин куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшүп, кечки саат 21:00дө натыйжа болбогондуктан убактылуу издөө токтотулган. Бүгүн кайрадан издөө иштери улантылат”, - деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий