• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тойлорду өткөрүүгө тыюу салынып, аны аткарбагандар жоопкерчиликке тартылат

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Тойлорду өткөрүүгө тыюу салынып, аны аткарбагандар жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ал, учурда жалпы эле массалык иш-чараларга, той-кечелерге 3 жумага тыюу салынып жатканын белгиледи.

Ал билдиргендей, талапты аткарбагандар "Бузуулар тууралуу" кодекстин 150-беренеси жана Кылмыш кодексининин 280 жана 285-беренелери боюнча жоопкерчиликке тартылышат.

"Ал беренелерде эпидемиологиялык кырдаалды билип туруп, ал боюнча чечимдерди аткарбагандар үчүн жоопкерчилик каралган. Тойлорду өткөргөн учурда эки жак тең – ижара берген ресторан ээси жана той өткөрүп жаткан адам жоопкерчиликке тартылат", - деди ал.

Анын айтымында, оюн-зоок жана башка мекемелерде 50дөн ашык орундук бар болсо, аларга чектөө киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий