• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Казакстанда 10-январь Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.01.22. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды өлкөдөгү башаламандыкта курман болгондорду эскерүү үчүн Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Берик Уали билдиргендигин, РИА Новости жазды.

“Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн бир катар аймактарында болгон кайгылуу окуялардын натыйжасында көп сандаган адам курмандыктарына байланыштуу 2022-жылдын 10-январын Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин кабыл алды”, - деп жазган Берик Уали Facebook`тагы баракчасына.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган. Башаламандык учурунда бир нече кагылышуулар орун алган жана курмандыктар бар.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келген.

Мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынында Казакстандагы кырдаалды “мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирип жатат” деп атап, ЖККУга жардам сурап кайрылганын билдирген.

Уюмга мүчө мамлекеттер Казакстанга жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий