• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токаев инаугурацияны 12-июнда өткөрүүнү пландоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялап үлгүрсө, президенттин инаугурациясы 12-июнда болот. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди.

Касым-Жомарт Токаев ант берүү аземин шашылыш өткөрүү себептерин жакында боло турган сапарлары менен түшүндүрдү. Ал 14-июнда Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышат.

Казак президенти «14-июнда Бишкекке, андан кийин Душанбеге барам. Мүмкүн болсо бул самиттерге Казакстан президенти толук ыйгарым укуктары менен катышса жакшы болот», – деди.

Казакстан Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарын 10-июнда жарыялаган. Касым-Жомарт Токаев 70,76 пайыз добуш менен алдыга чыккан.

Казакстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери алтынчы жолу президенттик шайлоо өттү. Дээрлик отуз жыл бою өлкөнү Нурсултан Назарбаев башкарган.

Пикир

Оставить комментарий