• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токаев иш сапары менен Пекинге барды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-сентябрда эки күндүк сапары менен Кытайга барды.

Сапардын алкагында казак лидери Казак-кытай ишкерлер кеңешинин алтынчы жыйынынын ачылышына катышат деп күтүлүүдө. Мындан тышкары Токаев Кытайдын лидери Си Цзиньпин жана премьер-министр Ли Кэцян менен жолугат.

Токаев бул сапардын алдында Кытайдын борбордук CCTV телеканалына берген интервьюсунда Пекин менен «бардык тармактар боюнча стратегиялык өнөктөштүктүн бекемделиши» Нур-Султан үчүн өтө маанилүү экенин билдирген.

Токаевдин президенттик кызматка киришкенден кийинки Пекинге жасаган алгачкы сапары «Кытай экспансиясына» каршы нааразылык акциялары өтүп жаткан маалга туш келди.

2-сентябрда Казакстандын Мангистау облусундагы Жаңы-Өзөн шаарында жүздөгөн адам көчөгө чыгып, Токаевден Кытайга пландалган сапарынан баш тартышын талап кылышкан. Алар «Кытайдын экспансиясына» жол берилбеши керектигин белгилеп, бийликти Батыш өлкөлөрүнөн инвестиция тартууга чакырышкан.

Өткөн жумада Казакстандын Алматы, Нур-Султан, Актөбө жана Чымкент шаарларында жаңы-өзөндүктөргө тилектештик билдирип ондогон адам акцияларды өткөрүшкөн. Алар казак бийлигинен биргелешкен 55 ишкана куруу боюнча Кытай менен түзүлгөн келишимден баш тартууну талап кылышты.

7-сентябрда Алматыда өткөн акциянын катышуучулары Токаевди Кытайдан насыя албоого чакырышты. Кытай — Казакстанга эң көп инвестиция салган төртүнчү, эң көп насыя берген үчүнчү өлкө.

Өткөн жумада Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо нааразылык акциялардын артында «башка күчтөр» турарын айтып, алар «калк арасында Кытайга жана эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө каршы маанай жаратууну» көздөп жатышканын билдирген.

Казакстанда Кытайга каршы маанайдын күчөшүнө Шиңжаңдагы казактардын абалы тууралуу маалыматтар дагы түрткү болууда.

Пикир

Оставить комментарий