• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Токаев: "Камбар-Ата-1" ГЭСин ишке киргизүү Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдейт

Саясат 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Кыргызстандагы "Камбар-Ата-1" ГЭСин ишке киргизүү Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдейт. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.

Анын айтымында, Казакстан транс чек аралык дарыялардын суу ресурстарын өз ара пайдалуу шартта пайдалануу үчүн биргелешкен гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет.

“Кыргызстанда "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоору кызуу талкууланууда. Анын ишке кириши Борбор Азия мамлекеттеринин энергетикалык коопсуздугун чыңдап, айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүү үчүн шарттарды жакшыртат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий