• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токаев Казакстанда конституциялык тартип калыбына келтирилгенин билдирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев республиканын бардык аймактарында конституциялык тартип негизинен калыбына келтирилгенин айтты, деп билдирет РИА Новости.

Токаев жума күнү эртең менен президенттик администрациянын, коопсуздук кеңешинин жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилигинин катышуусунда терроризмге каршы штабдын жыйынын өткөрдү.

"Антитеррордук операция башталды. Укук коргоо органдары кызуу иш алып барууда. Негизинен өлкөнүн бардык аймактарында конституциялык тартип калыбына келтирилди. Кырдаалды жергиликтүү бийлик көзөмөлдөп турат", — деди казак лидери.

Ага карабастан ал антитеррордук операцияны улантуу керектигин белгиледи.

"Террорчулар курал колдонууну жана жарандардын мүлкүнө зыян келтирүүнү улантууда. Андыктан антитеррордук иш-чаралар согушкерлер толугу менен жок кылынмайынча улантылышы керек", — деди Токаев.

Буга чейин "Хабар 24" телеканалы Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып, укук коргоо органдары 3 миңден ашык кишини кармаганын, 26 куралчан кылмышкер өлтүрүлгөнүн, дагы 18и жарадар болгонун билдирген.

Шаардык мэриялардын жана милиция бөлүмдөрүнүн бардык имараттары көзөмөлгө алынды.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

6-январга карата Казакстандын аскер кызматкерлеринин арасында курмандыктар жана талап-тоноолор катталды.

Пикир

Оставить комментарий