• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токаев Казакстанда россиялык вакцинаны өндүрө турган завод куруу пландалып жатканын айтты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/.16-ноябрда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирус менен күрөшүүгө арналган жыйында өлкөдө Россиянын коронавируска каршы вакцинасын өндүрө турган завод куруу пландалып жатканын билдирди.

"Россия президенти менен орус вакцинасын өндүрүү заводун куруу боюнча келиштик. Өкмөт ушул долбоорго инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады", – деп билдирди ал.

Касым-Жомарт-Токаев “ата мекендик вакцинаны өндүрүшкө киргизүү – өкмөттүн алдындагы эң чоң тапшырма” экенин баса белгиледи.

"Маселен, эки ата мекендик вакцина перспективдүү дүйнөлүк биопрепараттардын катарына кирип, азыркы тапта аларга клиникалык сыноо жүрүп жатат”, – деди.

Токаев кеп кайсы вакцина жөнүндө болуп жатканын айткан жок.

Буга чейин Россия өзүнүн ”Sputnik V” деген ыктымалдуу вакцинасын каттоодон өткөргөн жана аны аттуу-баштуу адамдар сайдыра баштаган. Алардын арасында президент Владимир Путиндин кызы, ошондой эле коргоо министри Сергей Шойгу да бар. Бирок Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар окумуштуулар Россиядагы вакцина эки баскычтуу гана сыноодон өткөнүн, натыйжалуу жана коопсуз экенин текшериш үчүн сыноонун үчүнчү этабы маанилүү экенин айтып келишкен.

14-октябрда Новосибирскидеги “Вектор” борбору экинчи вакцинаны иштеп чыкканы маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий