• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токаев кыргыз элин жана президент Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

«Биз ак ниет коңшу, стратегиялык өнөктөш катары Кыргызстандын мамлекет куруудагы ийгилигин жогору баалайбыз. Сиздин даанышман жетекчилигиңиз астында Кыргызстан жаратман өнүгүү жолу, бардык чакырыктарды, анын ичинде COVID-19 пандемиясын ишенимдүү жеңип чыгуу боюнча алдыга умтулган аракеттер улантылаарына бекем ишенем.

Азыркы дүйнөдөгү кыйын кырдаалда биздин эки боордош элдин өнүгүүсүндөгү мындан аркы прогресс көбүнесе тарыхый байланыштарыбызды жана өз ара жардамдашуубузду бекемдөөдөн көз каранды. Буга байланыштуу ачык-айкын жана жемиштүү болгон кыргыз-казак саясий, экономикалык жана гуманитардык диалогун кеңейтүүгө мындан ары да көмөктөшүүгө принципиалдуу даярдыгымды тастыктайм.

Эки тараптуу өз ара кызматташууну толук кандуу ишке ашыруу ЕАЭБ алкагындагы евразиялык интеграцияга жана Борбор Азиядагы аймактык кооперацияга да, биздин өлкөлөрүбүзгө да иш жүзүндө пайда алып келет», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбековдун жооптуу мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий