• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Токаев: Кыргыз менен казактай жакын эл жок

Саясат 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Казакстан Кыргызстан менен өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди ар тараптуу тереңдетүү багытында бекем турат деп ишендирди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарында Садыр Жапаров менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө.

Белгилей кетсек, учурда президент Садыр Жапаров Нур-Султан шаарында мамлекеттик иш сапары менен жүрөт.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечегин талкуулашты.

Касым-Жомарт Токаев тараптар күн тартибиндеги эки тараптуу бир катар актуалдуу темаларды дыкат талкуулашканын, мындан аркы алакалардын негизги багыттарын аныкташканын, аймактык жана эл аралык түзүмдөрдүн алкагында диалогду бекемдөө боюнча пикир алышкандыгын айтып, тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын белгиледи.

Казакстандын президенти өлкөлөр ортосунда өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүн болбой турган маселе жок экендигин кошумчалады.

«Тескерисинче, биз өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспектилерин кароого ыкчам жана конструктивдүү мамиле жасоо ниетибизди билдирдик», — деп айтты Касым-Жомарт Токаев.

Касым-Жомарт Токаев Казакстан дагы өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди ар тараптуу тереңдетүү багытында бекем турарына ишендирди. Ал кыргыз менен казактай жакын эл жок экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий