• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Токаев: Кыргызстан Казакстандын кудай кошкон кошунасы жана союздашы

Саясат 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. "Кыргызстан Казакстандын кудай кошкон кошунасы жана союздашы", - деп билдирди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен болгон чакан чөйрөдөгү сүйлөшүүдө.

Токаев ошондой эле кыргыз эли эзелтеден казак эли үчүн эң жакын экенин айтты.

Ал белгилегендей, үстүбүздөгү жылы дипломатиялык мамилелердин орногонунун 30 жылдыгы белгиленүүдө жана бул убакыт аралыгында мамлекеттер ортосунда достук мамилелер чыңдалып, саясий диалог, мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык байланыштар түзүлдү.

Белгилей кетсек, Казакстандын президент Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 26-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Анын алкагында Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев чакан жана кеңейтилген курамдагы жолугушууларды өткөрүшүп, жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий