• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токаев Кыргызстан менен болгон товар жүгүртүүнү $1 млрд чейин жеткирүү керектигин билдирди

Экономика 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга чейин жеткирүү керек. Бул тууралуу Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келген коңшу Казакстандын президент Касым-Жомарт Токаев билдирди.

Анын айтуусунда, 2015-жылдан тарта Кыргызстан менен Казакстан кызматташтыгын ЕАЭБде улантып келет, бул эки тарап үчүн тең жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

«Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 30% жогорулап, дээрлик 900 млн долларды түзгөн. Жыйынтыгында биздин өлкө - Кыргызстандын алдыңкы өнөктөшү болду. Биздин максат - товар жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү», - деди ал.

Токаев маалымдагандай, буга байланыштуу кызматташтыктын жаңы тармактарын табуу боюнча тапшырмалар берилген.

Пикир

Оставить комментарий