• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токаев Кыргызстандын элин жана Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 02.05.22. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

«Ислам бакубаттуулукка, ыйманга жана жогорку баалуулуктарга чакырган бул куттуу күндөрү биздин тилектештик жана өнүгүү бекемделсин. Жараткан Аллах биздин ниеттерди жана жакшы иштерди кабыл кылып, орозодон орозого чейин жалгасын», — деп айтылат куттуктоо катында.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго бакыт жана жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгилик, ал эми боордош Кыргызстандын ар бир үй-бүлөсүнө бакыт жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий