• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Токаев Кыргызстандын жаңы жогорку жетекчилигине куттуктоо сөзүн жолдоду

Саясат 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. 2020-жылдын 30-октябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Нурл-Султанга (Казактан) болгон иш сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр Казакбаев Кыргызстандагы кырдаал акырындык менен турукташып жана саясий процесстер укуктук талаага кайтып жатканы жөнүндө маалымдады. Ошондой эле кыргыз тарабы бардык өзүнүн эл аралык милдеттемелерин толук карманарына жана бардык мурда кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерди катуу тартипте аткарарына ишендирди.

Казакстан тарабынын кооптонгондугун эске алуу менен КР өкмөтү тарабынан казак инвестицияларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өлкөнүн мыйзамдарына ылайык зарыл чаралар көрүлөрүн өзгөчө белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транзиттик-логистикалык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүлөрдү белгилешти.

Тараптар COVID-19 пандемиясынын жайылышына биргелешип каршы аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле коронавирустук инфекция пандемиясынын мезгилиндеги Кыргызстан менен Казакстандын социалдык-экономикалык кырдаалын талкуулашты.

Жолугушуунун аягында Казакстандын президенти Кыргызстандын жаңы жогорку жетекчилигине куттуктоо сөзүн жолдоду жана анын ишине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий