• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токаев кытай компаниясынын жетекчиси менен казак жумушчуларынын айлыгын көтөрүү тууралуу сүйлөштү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев CNPC кытай корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы Вань Илин менен жолугуп, мунайгаз тармагында иштеген казакстандык жумушчулардын айлыгын жогорулатуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу Akorda.kz сайты жазды.

CNPC — дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Казакстанда мунайгаз кендерин иштетүү менен алектенген Кытайдын мунайгаз корпорациясы.

Маалыматтарга ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Токаев казакстандык жумушчулардын айлыгын чет өлкөлүк жумушчулардыкына теңөө жана казак продукцияларына артыкчылык берүү маселелерин көтөрдү.

Казакстанда мунайгаз тармагында эмгектенген жергиликтүү жумушчулар маал-маалы менен айлыктарын жогорулатууну талап кылып келишет. Алар чет өлкөлүк жумушчулар казакстандыктарга караганда кыйла көп маяна аларын билдиришүүдө.

20-сентябрда Мангистау облусундагы Каражанбас кенинде иш алып барган «Мобил Сервис Групп» ишканасынын 160тан ашык жумушчусу айлыкты кеминде эки эсеге жогорулатуу талабы менен иш таштаган.

24-сентябрда Каракудукмунай жана Түндүк Бузачи кендериндеги скважиналарды оңдоо менен алектенген «СИНОПЭК Казакстан» мунайсервис компаниясынын ондогон жумушчусу айлыктарын 100 пайыз жогорулатууну талап кылышкан.

Октябрда Актөбөдөгү «Чыгыш мунай жана сервистик тейлөө» кытай компаниясынын жумушчулары иш таштагандан кийин, алардын маянасы 25-50 пайызга көтөрүлгөн.

Октябрдын аягында Мангистау облусундагы Түндүк Бузачи мунай кенин иштеткен «Бузачи Оперейтинг» компаниясынын 180 жумушчусу айлыктарын 100 миң теңгеге жогорулатууну талап кылып чыгышкан. Анда компания өкүлдөрү бул маселе «акционерлер тарабынан караларын» билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий