• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токаев: Назарбаев жана Жээнбеков 2017-жылы мамлекеттик чек аранын укуктук макамын бекитүү этабын аягына чыгарышты

Саясат 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. «Нурсултан Назарбаев жана Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы саясий эрк көрсөтүштү жана эки өлкө үчүн маанилүү болгон мамлекеттик чек аранын укуктук макамын бекитүү этабын аягына чыгарышты», — деп белгиледи Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27- ноябрда өзүнүн Кыргызстанга мамлекеттик визитинин жыйынтыгы боюнча массалык маалымат каражаттары үчүн билдирүүсүндө.

Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө Казакстандын Биринчи Президенти-Элбашы Нурсултан Назарбаевдин кошкон салымы баа жеткис экенин белгиледи.

«Ал казак-кыргыз тагдыр кошкон эң жакын элдер экенин бир нече жолу белгилеген. Урматтуу Сооронбай Шарипович Жээнбековдун чоң салымын да айтпай коё албайм. Анын кыргыз мамлекетинин башчысы кызматына келиши менен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык жаңы дем менен өнүгө баштады. Бул Казакстан менен Кыргызстандын ынак кошуналыкка духуна берилгендигин бңт дңйнө коомчулугуна айкын көрсөттү», -деп баса белгиледи ал.

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Президенти катары казак-кыргыз көп тараптуу өз ара аракеттенишүүсүн өнүктүрүүнү улантууга ниеттенерин, муну Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекет башчыларынын Биргелешкен Декларациясына кол койгону ырастап турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий