• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Токаев президент Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен жылуу куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана бир тууган Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле кыргыз тарап биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий