• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токаев Россиядагы жол кырсыгына байланыштуу Жапаровго жана кыргыз элине көңүл айтты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол кырсыгында Кыргыз Республикасынын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Казакстан президентинин расмий сайтында жазылат.

Өлкө башчысы телеграммада каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан.

Белгилей кетсек, 21-августта Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Андан тышкары, Кыргызстандын үч жараны жараат алып, ооруканага түшкөн. Учурда экөө жалпы палата которулса, бирөө реанимацияда жатат.

Кыргызстан бүгүн автокырсыкка байланыштуу аза күтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий