• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Токаев жана Мирзиёев Кыргызстандын элин жана Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кечиримдүүлүктү, мээримдүүлүктү, жана кайрымдуулукту тартуулаган Рамазан айынын соңунда келүүчү Орозо айт — жалпы мусулман коомчулугунун жүрөгүн бакытка толтурган жогорку баалуулуктардын улуу майрамы. Жалпы ислам дүйнөсүнө кубаныч тартуулаган бул жаркын күндөр биздин достугубузду бекемдеп, берекебизди арттыра берсин» — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбековго бакыт-таалай, иштерине ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстан элине өсүп-өнүгүү жана байгер турмуш каалады.

Ошондой эле Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Сизди жана боордош кыргыз элин биздин элдер үчүн ыйык болгон Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоо-тилектеримди билдирип кетүүгө чын дилимден кубанычтамын.

Акыркы жылдардагы биргелешкен күч-аракеттер жана умтулуулардын натыйжасында өз ара колдоо, бекем достук, жакшы коңшулук алакага жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген мамлекеттерибиздин ортосундагы мамилелер эки өлкөнүн гана эмес, бүткүл Борбордук Азия чөлкөмүнүн жалпы кызыкчылыктарына жооп берерин өзгөчө белгилеп кетким келет.

Ушул кубанычтуу, жакшылык күндөрдө Сизге Кудайдан узак өмүр, бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана туруктуулук, барчылык жана бакубатчылык тилеймин», — деп белгиленет Өзбекстандын Президентинин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий