• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токаевдин визити жана ЖККУ саммити: Президент даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-ноябрда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Тышкы иштер министри ушул жылдын 27-ноябрында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик визитине карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Чынгыз Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жыйынына даярдыктардын алкагында аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө билдирди.

Ушул жылдын 28-ноябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турчу иш-чарага Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий