• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Тохир Марасуловго эмгек сиңирген машыктыруучу наамы ыйгарылды

Спорт 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Жогорку даражадагы спортчуларды даярдагандыгы, спортчуларды тарбиялоо ишиндеги баа жеткис эмгеги жана спортту өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн кикбоксинг боюнча машыктыруучу Тохир Марасуловго “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу” спорттук наамы ыйгарылды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, наамды аталган агенттиктин директору Канат Шабданбаев тапшырды.

Белгилей кетсек, спорттук наамды ыйгаруу жөнүндө чечим Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын “2021-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясынын” талаптарына ылайык кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий