• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токио-2020: Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын финалына чыкты

Спорт 0


Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын жарым финалында украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде жеңип, оюндардын финалына чыкты.

Бүгүн ал латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде, ал эми чейрек финалда румыниялык спортчу Кристина Инченин далысын жерге басып, таза жеңишти камсыз кылган.

Эскерте кетсек, Тыныбекова аялдар күрөшүндө 62 кг салмакта күрөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий