• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Токио-2020: Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиевдин алгачкы атаандашы аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-августта Токио шаарында өтүп жаткан ХХХII жайкы олимпиада оюндарынын эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмактагы балбандар таразага түшүп, чүчүкулак кармалып, кыргызстандык Эрназар Акматалиевдин атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Токиодон Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү Эрназар Акматалиев Токиодогу олимпиадалык мелдешинде алгач индиялык атактуу балбан Баджранг Пуния менен күрөшөт.

Эрназардын атаандашы Индияны дүйнөгө тааныткан 27 жаштагы Баджранг Пуния Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси болуп саналат. Ошондой эле Азия чемпионаттарында 3 жолу күмүш, 2 ирет коло медаль тагынып, Тилектешик оюндарынын жеңүүчүсү. Спорттогу ийгиликтери Индиянын Падма Шри ордени менен баалаган тажрыйбалуу балбан.

Эркин күрөш дүйнөсүнө табышмак болгон кыргызстандык жаш балбан Эрназар Акматалиев да тууралуу учкай баяндама.

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Алматы шаарында өткөн Азия континенталдык квалификациялык жолдомо ойнотулган мелдеште Эрназар алтын медаль тагынып, Олимпиада оюндарына жолу ачылган. Ошол Алматыдагы мелдеште 65 килограмм салмакта күч сынашкан Эрназар Акматалиев чейрек финалда түркмөнстандык Керим Хожаковду 5:1 эсебинде утуп алган. Жарым финалдык таймашуу курч мүнөздө өтүп, Эрназар алгач Өзбекстандын намысын коргогон атактуу балбан, Россияга эмгек сиңирген спорт чебери, Европа оюндарынын жеңүүчүсү, Европа чемпионаттарынын алтын, күмүш жана коло байге ээси, Азия чемпиону, жердиги дагестандык Ильяс Бекбулатовго 8 упай менен утулуп жаткан. Биринчи айлампанын бүтөрүнө саналуу гана секундалар калганда Эрназар төрт упай алууга жетишип, андан соң атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетип, Токио олимпиадасына жолдомо алып, адистердин көңүлүн бурган.

Андан кийин финалдык алтын байге үчүн таймашта ал ирандык Амирмохаммед Язданачератини 15:13 эсебинде утуп алып, алтын медаль тагынган.

"Алматыдагы атаандаштарым абдан күчтүү болгон эле. Жеңиш мен тарапта болуп, өзүмө ишеним жаралган. Бул – менин спорттогу тагдырымдагы чоң жетишкендигим жана Токио олимпиадасына жолдомо алганым болгон. Эми андан дагы жооптуу олимпиадалык таймашуулар алдыда турат. Даярдыгым жакшы, маанайым жарык", - деди Токиодогу олимпиадалык айылда жолукканымда эл аралык спорт чебери Эрназар Акматалиев.

2021-жылдын 17-апрелинде Бириккен күрөш дүйнөсү Эрназар Акматалиевдин Азиялык квалификациялык олимпиадага жолдомо ойнотулган турнирдеги чейрек финал, жарым финал жана финалдагы таймашынын видеолорун жарыялап, аны эркин күрөштүн ыкмаларын эң мыкты аткарган балбан деп баса белгилеген.

Келечегинен үмүткөр кылган 22 жаштагы балбан Эрназар Акматалиев Нарын облусунун Нарын районундагы Орто-Нура айылында төрөлгөн. Жети жашынан бери күрөш менен машыгып келатат. 2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында коло байге тагынып, чоң спортко тагдырын арнаган.

2018-жылы эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын катарына кабыл алынган. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча эки жолку чемпиону. 2018-жылы Эрназар жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси болгон. 2019-жылы Иранда өткөн Тахти кубогунда алтын байге утуп, олжолуу келген. 2021-жылы Украинада өткөн эл аралык турнирде дагы финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

"Эркин күрөш менен машыга баштаганыма быйыл 15 жылга чукулдады. Күрөшкө алгач кадам таштагандан баштап көздөгөнүм, кыялым Олимпиада оюндарына катышуу болчу. Токио олимпиадасына жолдомо алып, кыялдарым орундалып жатат. Эми олимпиадалык таймашуулар алдыда турат", - дейт Эрназар Акматалиев.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу, жаштар арасында дүйнө чемпиону Сүймөнкүл Таабалды уулу Эрназар Акматалиевди Токио олимпиадасына даярдап, машыктырып, күрөш сырларын үйрөтүп келди.

"Эрназардын башкаладан айырмаланган эң негизги өзгөчөлүгү – мээнеткеч жана абдан тырышчаак. Машыгууларда ыкмаларды берилип, чын дилинен жасайт. Өзүнүн оттон, суудан кайра тартпаган көкжалдык мүнөзү бар. Утулуп баратса да аягына чейин күрөшө берет. Алматыдагы турнирде өзүн көрсөтүп, атактуу балбандарды утуп, Токио олимпиадасына жолун ачкан", - дейт устаты Сүймөнкүл Таабалды уулу.

Чынында Токио олимпиадасына дүйнө жүзүнөн иргелип, тандалган эң мыкты балбандар келишти. Айрыкча Эрназардын 65 килограмм салмагында атаандаштык күчтүү. Олимпиада оюндарына жөнөкөй балбандар жолдомо ала албайт. Дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү, Олимпиаданын байге ээлери, Американын, Африканын, Европанын жана Азиянын чемпиондору келип, курч таймашууларга күбө болуп жатабыз.

Эртең, 6-августта Токио олимпиадасынын эркин күрөш таймашууларында Кыргызстандын намысын коргой турган Эрназар Акматалиев ийгилик, жеңиш каалайбыз. Күч сынашуулар бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат. Эл намысын коргогон Эрназарды сүрөөнгө алып, колдоп туралы!

Пикир

Оставить комментарий