• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Олимпиада-2020: Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууну пландаштырууда

Спорт 0

Бишкек. 08.05.19 /Кабар/. 2020-жылы Токио шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууну пландаштырууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Анын айтымында, бул – күрөштүн 3 түрү, дзюдо, жеңил атлетика, бокс, оор атлетика, заманбап беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование, жаа атуу, триатлон.

Көрсөтүлгөн спорт түрлөрүнүн айрымдары боюнча 2019-жылы лицензиялык турнирлер өтөт, деп билдирди Арпачиев.

"Лицензиялык турнирлерге даярдануу үчүн биздин өлкөнүн улуттук курама командаларынын мүчөлөрү спорт түрлөрү боюнча 2019-жылдын январынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 21 эл аралык жана рейтингдик мелдештерге катышып, 37 медаль утуп алышкан (17 алтын, 6 күмүш жана 14 коло медаль). Ошондой эле жети Азия Чемпионатында 12 медалга ээ болушкан (2 алтын, 1 күмүш жана 9 коло медаль)", - деп кошумчалады ал.

"Мындан тышкары спорт түрдөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командалары 36 окуу-машыгуулардан өтүштү. Лицензиялык турнирлерге даярдануу алкагында биздин курама командалар 94 эл аралык (лицензиялык, рейтингдик) мелдештерге катышууну пландап жатышат. 2019-жылы Ысык-Көлдө триатлон жана волейбол боюнча эки Азия Чемпионатын өткөрүү пландаштырылууда", – деди Арпачиев.

Эске салсак, бүгүн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргызстандын курама командаларынын спортчуларын Токио шаарында өтө турган жайкы XXXII Олимпиадалык жана XVI Паралимпиадалык оюндарга катышууга даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Кыргыз курама командаларынын спортчуларын 2017-2020-жылдардагы комплекстүү спорттук эл аралык оюндарга катышууга даярдоо боюнча уюштуруу комитети өкмөттүн 2017-жылдын 8-июнундагы буйругу менен түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий