• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токио-2020: Жоламан Шаршенбековдун алгачкы атаандашы аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 31.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 31-июлда Токио шаарындагы Макухари Мессе Борборунда олимпиада оюндарында күрөш боюнча эртең, 1-августта килемге чыга турган кыргыз балбандарынын алгачкы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Токио шаарынан Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

«Эртең күрөшө турган балбандарга чучукулак кармалды. Алар эртең, 1-августта,Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө килемге чыгып, алгачкы атаандаштары менен күч сынашат»,-дейт ал.

Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак боюнча Токио олимпиадасына катышып жаткан Жоламан Шаршенбековдун алгачкы атаандашы казакстандык Мейрамбек Айнагулов болду.

Дүйнө чемпионаттарынын күмүш (2017) жана коло (2019) медаль байге ээси Мейрамбек Айнагулов 27 жашта. Ал дагы Олимпиадага алгачкы ирет катышууда. Буга чейин Азия чемпионаттарында экинчи, үчүнчү орундарды ээлеген.

22 жаштагы Жоламан Шаршенбеков быйыл апрель айында Алматыда (Казакстан) өткөн лицензиялык Азия континенталдык турниринде баш байгенин ээси болуп, Олимпиадага жолдомо уткан. Ошондой эле Жоламан Дүйнө кубогунун алтын медалынын жеңип, жаштар жана чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынан күмүш медалын уткан.

Эгер Шаршенбеков казакстандык атаандашын утса, чейрек финалда түркиялык же молдовалык балбан менен күч сынашат.

Пикир

Оставить комментарий