• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токио: 2020-жылкы Олимпиада үчүн медалдар эски смартфондордон жасалат

Спорт 0

Бишкек. 25.02.19 /Кабар/. 2020-жылы Токио шаарында өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына медалдар кайра иштетилген электротехникалардан жасалат.

Бүгүнкү күндө 50 тоннага жакын ар түрдүү гаджеттердин калдыктары чогултулган. Алардын ичинен 5 миллиондон ашыгы смартфон жана планшет.

Мындай иш чара менен уюштуруучулар коомчулуктун көңүлүн экология маселесине бурууга аракеттенүүдө.

Бул акцияны бир катар спортчулар жана эл аралык компаниялар колдоодо.

Маалыматка ылайык, чогултулган калдыктар кайра иштетилип, 2700 килограмм коло, 30 килограмм алтын жана 4100 килограмм күмүш чогулган. Иш-чара улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий