• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токио күндөлүгү: Акжолдун күмүш, Мээримдин коло байгеси

Спорт 0

3-августта Азия чемпиону Акжол Махмудов Япониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан 32-жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта күмүш, кыз-келиндер эркин күрөшү боюнча 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова коло медаль утуп, кыргызстандык спорт күйөрмандарын кубанычка бөлөдү. Бул күндүн жыйынтыктары тууралуу Токиодон спорттук баяндамачы, Кыргызстандын олимпиадалык делегациясынын басма сөз катчысы Кабыл Макешов маалымдайт.

Акжолдун алтынга тете күмүш байгеси

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан атактуу балбан Акжол Махмудов 3-августта грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта финалда Лондон Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнө чемпиону жана Европа чемпионатынын беш жолку чемпиону, венгриялык Тамаш Лоринс менен күч сынашып, 2:1 эсебинде бир упай айырма менен атаандашына алтынды алдырып коюп, Токио Олимпиадасынын күмүш медалын тагынды. Акжол Махмудов Токио Олимпиадасында төрт беттеш өткөрдү. Ал алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда уткан. Чейрек финалда дүйнө чемпионатынын күмүш, Дүйнө кубогунун алтын, күмүш, коло байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону, 33 жаштагы азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңген.

Жарым финалдык Акжолдун беттешүүсүнүн биринчи бөлүгүндө алгач бир упайды Европа чемпионаттарынын коло байге ээси, Европа оюндарынын жеңүүчүсү армян балбаны Карапет Чальян алганга үлгүрүп, андан соң Акжол Махмудов катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирип, өзүнүн чеберчилигин, шамдагайлыгын көрсөткөн эле. Мелдештин экинчи бөлүгүндө армениялык балбан бир упай алганга үлгүрүп, Акжол Махмудов артыкчылыгын бекемдеп, андан ары атаандашына ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербей артыкчылыгын сактап калган болчу.

Токио Олимпидасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов 22 жашка чыгып, баралына жетип, табына келип турган учуру. Ал уландар арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында дүйнөнүн бир жолку чемпиону аталган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин утуп алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынган. Ушул эле жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло байге утуп келген.

2019-жылы январь айында чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатын жеңип, бир айдан кийин сол тизесинен жаракат алып көп мелдештерге катыша албай Германиядан операция жасатып келген. Жаракатына байланыштуу 2020-жылдагы Кыргызстандын чемпионатына катышкан эмес.

2021-жылы Кыргызстандын чемпионатын жеңип, быйыл март айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык олимпиадага жолдомо ойнотулган мелдеште алтын байге утуп, Токио олимпиада оюндарына жолу ачылган.

"Акжол кыргыз тарыхында грек-рим күрөшү боюнча олимпиада оюндарында күмүш байге уткан эң жаш балбан болуп саналат. Буга чейин кыргыз спортчуларынан грек-рим күрөшү боюнча 2008-жылы Бээжин олимпиадасында финалга Канат Бегалиев гана чыгып, ал дагы күмүш байгелүү болгон", - дейт Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкулов.

Мелдештен кийин Акжол Махмудовго жолукканымда ал бул жеңишин, күмүш байгесин кыргыз элине, ата-энесине, досторуна арнаганын, президентибиз Садыр Жапаров өзү телефон чалып куттуктаганын айтып, жалпы күйөрмандарга терең ыраазычылыгын билдирип, 4-августта финалда алтын медаль үчүн күрөшө турган Айсулуу Тыныбековага, коло байгеге талапкер Атабек Азисбековго ийгилик, жеңиш каалады.

Мээнеткеч Мээрим Жуманазарованын коло медалы

3-августта Азия чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси Мээрим Жуманазарова Токио Олимпиада оюндарында айымдар эркин күрөшү боюнча 68 кг салмакка чейинки категорияда коло байге утуп, Кыргызстандын калкын сүйүнтү.

2-августта Мээрим Жуманазарова алгачкы беттешүүдө Европа чемпиону, Европа оюндарынын күмүш байге ээси, болгариялык Мими Николова Христованы 7:5 эсебинде артыкчылык менен жеңип алган. Чейрек финалда Африканын 10 жолку чемпиону, Ислам тилектештик оюндарынын чемпиону, 33 жаштагы нигериялык Блессин Оборудудуга 2:3 эсеби менен бир упайга утулуп калган. Кечинде оңдой берди болуп нигериялык спортчу финалга чыгып, Мээримге коло байгеге талапкерлердин беттешүүсүнө чыгууга мүмкүнчүлүк ачылган эле. Ал дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Европа чемпиону 24 жаштагы азербайжандык Элис Манолова менен күч сынашып, аны утуп, коло байге үчүн күрөшкө жолун ачкан. Андан соң Лондон Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону жана Азия чемпиону, 30 жаштагы монголиялык Баттсетсег Соронзонболд менен Токио Олимипиадасынын коло байгеси үчүн күч сынашып, 10:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

"Мээрим Жуманазарова 2020-жылы дүйнө кубогунун жеңүүчүсү болгон, ал эми ага чейин Азиянын коло жана алтын байгелерин утуп, жаштар арасында дүйнө чемпонаттарынын жеңүүчүсү аталган. Азия чемпиону болуп саналат. Ага алгач күрөш сырларын үйрөткөн атасы, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Дүйшөн Жуманазаров агайыбыз. Спорттук бийиктиктерге, жеңиштерге жеткирген устаты өлкөбүздүн дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабековдун мээнети тоодой. Мээрим устатынын акыл-насааттарын угуп, кеп-кеңешин туура аткарып, ийгиликке жетти", - дейт Жогорку Кеңештин депутаты, КР кыз-келиндер күрөш федерациясынын вице-президенти, улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев.

Токио олимпиадасынын коло байгесин уткан Мээрим Жуманазарова менен жолукканымда, ал алтын медаль утууну максат кылып келгенин, бир аз каталык кетип, ал мүдөөсүнө жетпей калганын, куру кетпей коло байге менен мекенине баратканын, бул ийгилик жети-сегиз жылдык мээнеттин үзүрү экенин, алдыда Азия оюндары, Париж олимпиадасынын таймашуулары турганын, жеңишин кыргыз элине, ата-энесине арнаганын айтып, алыста болсо дагы сүрөөнгө алып турган жалпы күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирди.

Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн күрөшөт

Кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын финалына жолдомо алып, 4-августта 62 килограмм салмакта Токио Олимпиадасынын алтын медалы үчүн күч сынашат.

Айсулуу жарым финалда дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, Европа чемпиону, украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип алган. Ал эми чейрек финалда румыниялык спортчу Кристина Тунде менен беттешип, 6:2 эсебинде далысын килемге таза тийгизип уткан. Ага чейин биринчи атаандашы 31 жаштагы Европа чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү жана дүйнө чемпионатынын байге ээси, латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип алган."

"Атактуу балбан Айсулуу Тыныбекова кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат. Ал кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнөнүн чемпиону (2019) жана дүйнө биринчилигинде коло байгенин ээси (2017), Азиянын 3 жолку чемпиону (2016, 2017, 2019), Азия Оюндарынын чемпиону (2018) жана коло байгесинин ээси (2014), Дүйнө биринчилигинин Кубогунун чемпиону (2020), эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болуп саналат. Айсулууну дене тарбияга жана спортко эмгек сиңирген ишмер жана эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабеков машыктырып, ушундай даражага жеткирип келе жатат. Кыргыз спортчуларын колдоп, бүгүн борбор калаабыздагы аянтка жүздөгөн эл чогулганын Токиодон угуп, биз дагы кубанып турабыз. Эми финалдык беттеште дагы Айсулуунун атын атап, дем-күч берип, сүрөп, колдоп туралы", - дейт Дүйнөлүк күрөш биримдигинин Азия континенти боюнча вице-президенти, Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын вице-президенти, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, генерал Мелис Турганбаев.

Атабек Азисбеков коло байге үчүн талапкер

Олимпиадага грек-рим күрөшү боюнча 97 кг салмак боюнча катышып жаткан Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков чейрек финалда мурдагы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, армениялык Артур Алексанян менен күрөшкөн. Армениялык спортчу кыргыз балбанын 4:1 эсебинде жеңип алган. Ал Үзүр Жусупбековдон кийин дагы 2 атаандашын утуп, финалга чейин жеткендигине байланыштуу Үзүр Жузупбеков коло байгеге талапкерлердин беттешине чыгууга укук алган.

Жусупбеков коло медаль үчүн беттешке чейин Финляндиянын тажрыйбалуу балбаны Арви Мартин Саволайненди жеңсе, анда коло байге үчүн иран спортчусу Мухамедхажы Сарави менен күрөшмөк. Тилекке каршы, спортчу 1:4 эсебинде финляндиялык балбанга алдырып коюп, байгелүү орунга илинбей калды.

"Кыргызстандын олимпиадалык командасынын капитаны Атабек Азисбеков грек-рим күрөшү боюнча 1/8 финалда дүйнө жана Европа чемпионаттарынын жеңүүчүсү, венгриялык Виктор Лоринцке 1:6 эсебинде утулуп калды. Оңдой берди болуп Виктор Лоринц финалга чейин жете турган болсо, Атабектин коло үчүн таймашууга мүмкүнчүлүгү пайда болду. 4-августта Атабек Азисбеков коло байгеге талапкерлердин таймашында Рио-де-Жанейро олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпонаттарында күмүш жана коло медаль уткан, Европа чемпионаттарынын жеңүүчүсү, германиялык Денис Максимилиан Кудла менен күч сынашат. Аны утса коло медаль үчүн күрөшүүгө жолу ачылат", - дейт Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, олимпиадалык команданын жетекчилеринин бири Саламат Эргешов.

Беттешүүлөр Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат.

3-августта Токио олимпиадасынын жеңил атлетика боюнча мелдштерине кыргызстандык эл аралык спорт чебери Нурсултан Кеңешбеков да катышты. Ал 5000 аралыктагы жарыштарда мөрөй талашып, финалдык топко кошулбай калды.

Кыргызстандан жалпы 16 спортчу спорттун 7 түрү боюнча Олимпиадага жолдомо алган. Мамлекет алтын медаль алгандарга 10 миллион сом, күмүш байгеге жети миллион сом, коло медаль үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

23-июлда башталган Токио-2020 Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат.

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

Пикир

Оставить комментарий