• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Токио-Лос-Анжелес каттамынын жүргүнчүлөрүнүн мушташы видеого түшүп калган

Дүйнө 0


Бишкек, 3-май /Кабар/. All Nippon Airways (ANA) авиакомпаниясынын Токиодон Лос-Анджелеске NH6 каттамы учурунда эки жүргүнчү мушташып кеткен. Окуянын видеосу YouTube порталындагы current events 24/7 каналында жарыяланган.

CNN тактагандай, видеону дагы бир жүргүнчү Кори Ауэр (Corey Hour) тарткан. Анын айтымында, бир учурда кызыл көйнөкчөн жүргүнчү артында отурган жүргүнчүгө келип, урушуп, аны уруп баштаган. Ошентип уруш чыгып кеткен. Ауэрдин айтымында, экинчи жүргүнчү мушташ чыккыдай эч нерсе кылган эмес.
Күбөнүн айтуусунда, ANA кызматкерлери колдорунан келгенин жасашып, бирок жүргүнчүнү тынчтандыра албай коюшкан. Ушундан соң Ауэр телефонун өчүрүп, чуу салган жүргүнчүнү тынчтандырган.

Ал адам учактан авиакомпаниянын кызматкерлеринин коштоосунда кеткени белгиленет.

2-майда, ANA кызматкерлери 9 сааттык учууда глютенге аллергиясы бар жүргүнчүгө атайын толук кандуу азыктардын ордуна туз менен банан гана беришкени билдирилген.

Булагы Lenta.ru

Пикир

Оставить комментарий