• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токиодо «Ала-Тоо» соода түйүнү ачылды

Экономика 0

Бишкек, 02.07.22. /Кабар/. Токиодо «Ала-Тоо» кыргыз товарларынын соода түйүнү ачылды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев катышкан. Ачылыш аземинде элчи эки өлкөнүн ишкерлеринин аракети жана Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык азыктардын жогорку сапаты менен алар Япония рыногунда өз ордун ээледи деп белгиледи.

Бул долбоорду япониялык ишкер Масуда Эйдзиро Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин көмөгү менен ишке ашырды.

«Ала-Тоо» соода түйүнү Кыргызстандын товарлары, ошондой эле курамында Кыргызстандын органикалык өндүрүш бар тамак-аш азыктар тартууланат.

Маалымат үчүн: Ата мекендик продукцияларды жана товарларды чет мамлекеттерге экспорт кылуу боюнча 2021-жылы Японияга 25,390 миллион сомго 43,4 тонна кыргыз балы экспорттолгон (2018-жылы – 8,3 тонна, 2019-жылы – 13,4 тонна, 2020-жылы – 15,7 тонна). Кыргызстан өндүргөн бал, бадам, кийизден жасалган буюмдар Amazon жана Rakuten электрондук коммерция сайттарында кеңири чагылдырылган. Бал Nissin, Kaldi, Seijoishi супермаркеттеринде сатылат.

Блогерлерди, ютуберлерди жана атактуу инсандар аркылуу балды жайылтуу боюнча активдүү кампания жүрүп жатат. Кыргызстандын балы тууралуу япон тилинде көптөгөн видеолор тартылып, алар Youtube сайтында бар. Ошондой эле, телевидение жана массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымат таркатылып турат.

Пикир

Оставить комментарий