• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токиодо кыргыз киносунун күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Япониянын Токио шаарында 2-3-сентябрь күндөрү кыргыз киносунун жумалыгы өтүп, анын алкагында “Ишенимдин 600 күнү” даректүү тасмасынын бет ачары болот.

“Ишенимдин 600 күнү” тасмасынын авторлору белгилегендей, аталган фильмди жаратуу үчүн алар көп убакыт коротушкан, бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан тасма тартылып бүткөн.

Тасма согуштан кийинки 1946-1948-жылдары болгон окуянын негизинде тартылган. Анын продюсери – “MEDIA LAB” компаниясынын негиздөөчүсү Арстанбек Саргалдаев.

Аталган иш-чараны Япониядагы Кыргызстандын элчилиги Япониянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу астында уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий