• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токиодо Олимпиада өз убагында өтөт

Спорт 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Токиодо Жайкы Олимпиада оюндары 24-июлдан 9-августка чейин өтөт. Эл аралык Олимпиада комитетинин аткаруу комитети коронавирус коркунучун талкуулагандан кийин ушундай чечим кабыл алды. Комитет спортчуларды мелдешке даярданууга үндөдү.

Келишим боюнча Токио Олимпиаданы жылдын соңуна чейин жылдырууга укугу бар. Бирок оюнду өткөрбөй коюу чечимин Эл аралык Олимпиада комитети гана кабыл алат.

Коронавируска байланыштуу айрым спорттук мелдештер өтпөй же көрүүчүлөрсүз өткөндөн кийин Олимпиаданын болор-болбосу суроо жарата баштаган.

Япон бийлиги Олимпиада үчүн эч кандай коркунуч жок экенин бир нече жолу билдирген. Оюндарга даярдык көрүүгө азыркы тапта эле 12 миллиард доллар жумшалды.

Өпкөнүн сезгенишине алып келген коронавирустан шейшембиге карата 3116 миң киши көз жумду. Ал эми 48 миңдейи айыгып чыкты. Вакцинасы табыла элек бул илдет Антарктидадан башка бардык материктерде же дүйнөнүн 70 өлкөсүндө табылды.

Европада бул вирус эң көп жайылган мамлекеттердин башкы сабында турган Италияда 52 адам илдеттен каза таап, аны жугузуп алгандар 2 миңден ашты. Иранда Кытайдан тараган бул инфекцияга кабылган 1500дөн ашуун адамдын 66сы көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий