• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токиодо режиссер Актан Арымдын "Эсимде" тасмасынын дүйнөлүк бет ачары өтөт

Маданият 0

Бишкек, 23. 09.22./Кабар/. Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын "Эсимде" аттуу жаңы тасмасы Японияда өтө турган эл аралык кинофестивалга катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кинофестиваль 24-октябрдан 2-ноябрга чейин Токио шаарында өтөт.

"Токио эл аралык кинофестивалы биринчи жолу 1985-жылы өткөрүлүп, эл аралык кинопродюсерлер ассоциациясы Федерациясы тарабынан бекитилген А классындагы эң мыкты 15 кинофестивалдын катарына кирет", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, "Эсимде" тасмасынын премьерасы 27-октябрда Япониянын борборунда, ошондой эле 29-октябрда жана 1-ноябрда көрсөтүлөт. Көрсөтүүлөр режиссер Актан Арым Кубат жана көрүүчүлөр менен суроо-жооп сессиясы менен коштолот. 2-ноябрда фестивалдын жабылыш аземинде номинациялардын жеңүүчүлөрү жарыяланат.

Фильм Т.Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясы, "Ой Арт", "Биттерс энд" (Япония), "Воля фильмм" (Нидерланды) жана "Мэндра фильмс" (Франция) продюсердик компаниясы менен биргеликте тартылган.

Кыргызстанда тасманын бет ачары 2022-жылдын 17-ноябрында болот.

Пикир

Оставить комментарий