• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токиодогу Олимпиада оюндарында спорттун 6 түрүнөн медаль алуу мүмкүнчүлүгү бар – Аманкулов

Спорт 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Токиодо 2020-жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алуу пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.

Ал белгилегендей, спорттун 6 түрү боюнча лицензия алып, байгелүү болууга мүмкүнчүлүктөр бар. Ага дүйнөлүк рейтинг жана көрсөтүлгөн жыйынтыктар далил боло алат. Алардын ичинде күрөш менен дзюдо бар.

"Грек-рим күрөшүндө 3, эркин күрөш – 2, кыз-келиндер күрөшү – 1, дзюдо – 2, жеңил атлетика – 4, бокс – 1, оор атлетика – 1, сууда сүзүү – 2, заманбап беш жарыш – 1, ок атуу – 1, жаа атуу – 1, кайыкта сүзүү – 1, фехтованиеде 1 лицензия алуу пландалууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий