• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токионун Хамура шаарында кыргыз фестивалы өттү

Маданият 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилиги тарабынан маданият жана спорт тармагында эки тараптуу кызматташууну илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштеринин алкагында, Токио префектурасынын Хамура шаарында 2021-жылдын 16-январында Хамура шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасы менен тааныштырууга багытталган кыргыз фестивалы өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Хамура шаары Токиодогу Олимпиадага даярдануу боюнча Кыргызстандын дзюдо боюнча машыгуучуларга кабыл алуу шаар деп аныкталган.

Токио аймагында өзгөчө абал жарыялангандыктан, фестиваль көрүүчүлөрсүз видео форматында өттү. Учурашуу сөздөр менен Хамура шаарынын мэри Шин Намики, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мирлан Арстанбаев, ошондой эле Япониянын ырчысы жана Хамура шаары менен Кыргызстандын достук жана ак ниеттүүлүк элчи-волонтеру Мита Ре чыгып сүйлөштү.

Фестивалдын алкагында кыргыз аткаруучу Калыйман Уметбаева, япон ырчысы Мита Ре жана Токио көркөм-өнөр университетинин япон комузчулары ыр ырдап, күү ойношту. Ошондой эле видео көрүүчүлөргө Кыргызстандын продукциясы, маданият, туризм боюнча презентациясы жана Кыргызстандын кооз жаратылышын, кыргыздын улуттук кийимдерин, сувенирлерин көрсөтүү фотокөргөзмө уюштурулду.

Иш-чаранын аягында Хамура шаарынын мэри Шин Намики Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаевге дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын машыгуучуларына келе жаткан Токиодогу Олимпиадага колдоо көрсөтүүгө атайын чыгарылган альбомду тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий