• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токмок: "Камкордук" рейдинин алкагында 51ден ашуун ар түрдүү жайлар текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Токмок шаарында "Камкордук" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алдын алуу иш-чарасы кароосуз калган, оор шарттарда жашаган, мектепке барбаган балдарды аныктоо жана алар менен тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү максатында уюштурулган.

Иш-чарада 51 ден ашуун ар түрлүү жайлар, компьютердик клубдар, курулушу бүтө элек имараттар, тейлөө көрсөтүүчү жайлар, кафе-ресторандар, унаа жуучу жайлар жана башка өспүрүмдөр иштөөгө мүмкүн болгон жайлар текшерилген.

"Рейддик иш-чаранын жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан 25 жаш өспүрүм ички иштер органдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жеткирилип, 3 жаш өспүрүм профилактикалык каттоого алынды. Ошондой эле 4 жаш өспүрүмдүн мектепке барбагандыгы боюнча жергиликтүү билим берүү жана социалдык камсыздоо мекемесине маалымат берилип, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган 20 жаш өспүрүм текшерилди", - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан рейддин алкагында миция кызматкерлери тарабынан 150 үй-жай текшерилип, натыйжасында 3 жаш өспүрүмдүн ата-энеси иштөө максатында сыртка чыгып кеткендиги белгилүү болгон.

Белгиленгендей, учурда милиция кызматкерлери тарабынан мектептерде кылмыштулуктун алдына алуу максатында ар кандай лекциялар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий