• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмок шаардык милициясы өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Өлкөбүзгө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тарта Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу иш-чаралары тынымсыз улантылып келүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк тургундар алдын алуу иш-чараларын түшүнүү менен кабыл алышса, айрым жарандар кабыл алынган эрежелерди сактабай, ал тургай өспүрүм балдарынын коопсуздугуна да кам көрүшпөй жатышканы жок эмес. Бүгүнкү күнү балдардын коопсуздугу үчүн билим берүү мекемелери аралыктан сабактарды окутууга өтүшсө, айрым мектеп курагандагы балдар сабактарга катышпай коомдук жайларда, техникалык тейлөө тармактарында, унаа жуучу жайларында иштеген учурлары да кездешүүдө.

"Андыктан Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү өспүрүмдөр арасында алдын алуу иш-чарасын уюштурушуп, унаа жуучу жайларда, соода-сатык жайларда жана техникалык тейлөө жумуштарында иштеген балдар текшерилип, ондон ашык өспүрүм бала аныкталып, жаш өспүрүмдөр инспекторлору тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле ата-энелерине жардамдашып иштеп жүргөн өспүрүмдөр да аныкталган. Кызматкерлер ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп, балдарды аралыктан өткөрүлүп жаткан сабактарга катыштырууга чакырышты", - деп айтылат маалыматта.

Чүй облусунун ИИББи жарандарды өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын сактоого, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн ата-энелерди жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий