• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмок шаардык милициясы жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Токмок шаарында коомдук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ошондой эле кылмыштуулуктардын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар тынымсыз өткөрүлүп келет.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолу Токмок шаардык ички ишкер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, аткарылган жумуштар тууралуу маалыматтар берилди.

Иш-чарага Токмок шаардык мэриясынын, билим берүү бөлүмүнүн, социалдык өнүктүрүү кызматынын кызматкерлери жана квартал башчылары катышты. Жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн маселелерге жеринде жооптор берилип, башка дагы социалдык суроолорго кеңештер айтылды.

Жолугушууда жарандарга кылмыштуулуктарды алдын алуу эрежелерди сактоо зарылдыгы милиция кызматкерлери тарабынан айтылды. Ар бир жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундардын көтөргөн маселелери көзөмөлгө алынып, аны чечүү иштери колго алынып келет.

Пикир

Оставить комментарий